КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ "Энергияны үнөмдөө жөнүндө"

(КР 2008-жылдын 24-декабрындагы N 269, 2013-жылдын 15-июнундагы N 96, 2013-жылдын 30-июлундагы N 175, 2014-жылдын 18-июлундагы N 144, 2016-жылдын 6-июлундагы N 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

I бөлүм
Жалпы жоболор

Ушул Мыйзам энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жагындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун укуктук ченемдерин, ошондой эле бул саясатты ишке ашыруунун институттук, экономикалык жана маалыматтык жол-жоболорун түзүүнүн жана иштетүүнүн укуктук ченемдерин белгилейт.