Колл - борбор: 105, 1209

110 кВ «Ак-Кыя–Долон» аба чубалгысы калыбына келтирилди

29 Июль 2025 ж.

2024-жылдын ноябрь айында «КУЭТ» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын тейлөөсүндөгү 110 кВ «Ак-Кыя–Долон» аба чубалгысынын 187-зым тиреги калың жааган суу кардын кесепетинен кулап калган.
 
Туруксуз аба ырайынын кесепетинен жаралган абалга карабастан, ишкананын жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы ыкчам чараларды көрүп, 3600 метр бийиктикте, аба ырайынын оор шарттарына карабай, техниканын жардамы менен жол ачып, убактылуу зым тирек орнотуп, электр энергиясын берүү үзгүлтүксүз камсыздаган.
 
2025-жылдын жай айларында, аба ырайынын турукташканына байланыштуу, капиталдык курулуштун эсебинен У-110 үлгүсүндөгү жаңы зым тирек орнотулуп, аба чубалгысы толук калыбына келтирилди.
Аталган иштердин ийгиликтүү аткарылышы Нарын облусунун аймагындагы керектөөчүлөрдү туруктуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.