110/10 кВ «Кочкор» көмөк чордонунда оңдоо иштери жүргүзүлүүдө
7 Апрель 2026 ж.
Ремонттук кампаниянын башталышына байланыштуу, 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иш-чараларынын алкагында, ошондой эле көмөк чордон кызматынын иш болжомуна ылайык «КУЭТ» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан 110/10 кВ «Кочкор» көмөк чордонунда пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган иштер электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында аткарылууда.
Оңдоо иштеринин жүрүшүндө көмөк чордондогу негизги жабдуулар текшерилип, эскирген тетиктер алмаштырылып, профилактикалык жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.
Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыгында электр энергиясын берүү сапаты жогорулап, керектөөчүлөрдү туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга шарт түзүлөт.
Урматтуу абоненттер!
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин жүргүзүү үчүн электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт.
Нарын электр тармактар ишканасы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.