Колл - борбор: 105, 1209

110/10 кВ «Кочкор» жана 110/35/10 кВ «Чолпон» көмөк чордондорунда оңдоо иштери аяктады

22 Апрель 2025 ж.

«КУЭТ» ААКсынын филиалы — Нарын электр тармактары ишканасы региондун энергетикалык инфратүзүмүндөгү эки объектиде: 110/10 кВ «Кочкор» жана 110/35/10 кВ «Чолпон» көмөк чордондорунда комплекстүү оңдоо иштерин ийгиликтүү аяктады.
 
Оңдоо иштеринин алкагында күч түзүмдөрү жана башкаруу системаларын камтыган кеңири техникалык иштер жүргүзүлдү. Күчтүк трансформаторлору текшерилип, зарыл бөлүктөрү алмаштырылды, бардык контакттык кошулмалар жаңыланып, (ОАКСЖК) Обочолотуу жана аша чыңалуудан коргоо кызматынын көп жылдык графигине ылайык электр жабдууларынын сыноолору жүргүзүлдү. 110/10 кВ «Кочкор» КЧна жаңы ТН-110 орнотулуп, өзгөчө көңүл авариялык кырдаалдарга туруктуулукту жогорулатууга багытталган релелик коргоо жана автоматика системаларын жөнгө салууга жана текшерүүгө бурулду.
 
Мындан тышкары, изоляторлор тазаланып, жердеткич түзүлүштөрү текшерилип, трансформаторлордогу майдын дэңгээлдери текшерилди.
 
Аткарылган иштер аймакты электр энергия менен камсыздоонун жалпы ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган пландаштырылган учурдагы оңдоонун бир бөлүгү болуп саналат.