Колл - борбор: 105, 1209

110/35/10 кВ “Үгүт” көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө

8 Август 2025 ж.

Август айынын иш-планына ылайык, “КУЭТ” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактары ишканасынын көмөк чордон кызматы 110/35/10 кВ “Үгүт” КЧда пландык оңдоо жана тейлөө иштерин аткарууда.

Аталган көмөк чордон Баетов, Ак-Тал, Тоголок-Молдо, Пионер жана Куртка айылдарын электр энергиясы менен тынымсыз камсыздап келет.

Аткарылган негизги иштер:

 • 35 кВ ажыраткычтар жана өчүргүчтөр текшерилип, керектүү бөлүктөрү майланды, байланыш тиймдери бекемделди жана жабдуулар тазаланды.

 • 10 кВ өчүргүчтөрдүн майлары толугу менен алмаштырылып, чаң-кири тазаланды.

 • Т-1 жана Т-2 трансформаторлору жуулуп, сырдалып, аба кургаткычтары жаңыртылды.

 • Бардык негизги жабдууларда фазировка жана май толуктоо иштери жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн оңдоо иштери көмөк чордондун ишенимдүүлүгүн арттырып, аймактагы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган.

Пландуу оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүүлөр тууралуу маалыматтарды http://npes.nesk.kg расмий сайтынан биле аласыздар.