Колл - борбор: 105, 1209

110/35/10 кВ "Нарын-1" көмөк чордону күз-кыш мезгилине даярдыктарын жүргүзүүдө

11 Сентябрь 2024 ж.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматы 110/35/10 кВ "Нарын-1" КЧда иш болжомго ылайык утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Аталган кызматтын кызматкерлери В-35 Т-1 жана ТТ-35 Т-1 электр жабдууларында оңдоо иштерин жүргүзүүдө.Мындан сырткары оңдоо иштеринин алкагында тийимдери текшерилип, байланыш кошулмаларын бекемделип майлары толукталды. Релелик коргоо кызматы тарабынан жабдууларды коргоочу релелери жаңыртылды.

Көмөк чордон кызматы ремонттук кампания башталгандан бери 42 көмөк чордонду  техникалык оңдоодон, ал эми 28 КЧ капиталдык оңдоодон өткөрдү. Ошондой эле сентябрь айынын аягына чейин капиталдык курулуштун эсебинен СК-8 аккумулятордук батареялар жаңы OPZS тибине жана заряддоочу жабдуулар дагы алмаштырылат.

Бардык  оңдоо иштери күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын алкагында калкка сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатат.

Урматтуу керектөөчүлөр! Оңдоо иштеринин кайсы аймакта жана качан жүргүзүлөөрү тууралуу маалыматты расмий сайттан (http://npes.nesk.kg/ru/) жана "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу биле аласыздар.

Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна: 105, 1209   +996 772 001209 +996 702 001209 +996 556 001209 (whatsapp) номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот