110/35/10 кВ Нарын-1 көмөкчордонунда ТВК тарабынан аныкталган кемчиликтерди жоюу иштери жүргүзүлүүдө

22 Апрель 2024 ж.

"КУЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасы 110/35/10 кВ "Нарын - 1" көмөк чордонунда тепловизиондук көзөмөлдүн жыйынтыгынын негизинде чыккан мүчүлүштүктөрдү жоюу иштерин аткарды.
 
110/35/10 кВ «Нарын-1» көмөк чордонунда «Ак-Кыя-1» тарамынын «Б» фазасы жана «Ак-Кыя-2» «А» фазасынын жогорку жыштыктагы жүктөгүч түзүлүштөрүндө кемчиликтерди жоюу максатында профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
 
Тепловизиондук аппаратты колдонуу менен контакттык байланыштардын абалы текшерилет, эгер аныкталган болсо авариялык абалдын алдын алуу максатында кемчиликтер жоюлат.