Колл - борбор: 105, 1209

19 - май Энелер күнү!

19 Май 2024 ж.

Кадырлуу энелер!💐
 
Сиздерди бүгүнкү Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздердин чексиз мээримиңиздер, түгөнгүс камкордугуңуздар жана түйшүктүү эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздер ар дайым үй-бүлөнүн чырагындай болуп, бардык жакшылыктарды алып келесиздер.
 
Ар бир күнүңүздөр шаттыкка, бакытка, ден соолукка толсун! Жан дүйнөңүздөр ар дайым тынч, балдарыңыздардын, жакындарыңыздардын сый-урматына ээ болуңуздар. Бардык жакшылыктар сиздерге болсун!
 
Эне - үйдүн куту, түндүгүбүздүн тиреги. Сиздерге алкыш, урмат жана сүйүү!
Кут болсун Энелер күнү!
 
Терең урматтоо менен
"КУЭТ" ААКнын филиалы- Нарын электр
тармактар ишканасынын
директору Р. Н. Сакиев