2024 – жылга Кочкор районунда 520 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өтөт

9 Апрель 2024 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы – Нарын электр тармактар ишканасы 2024-2025 күз-кыш мезгилинен карата накталап жана учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
 
Бүгүнкү күндө, 110/10 кВ “Кочкор” көмөк чордонунда учурдагы оңдоодон өткөрүп, май алмаштыруу, фазировкаларды жаңыртуу иштерин аткарууда.
 
2024 – жылдын иш планына ылайык аткарылуучу жумуштар:
 
Кочкор РЭТнин тейлөөсүндө 10/0,4 кВ 577 даана трансформатор бар, анын ичинен 520 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн, 36 даана накталап оңдоодон өткөрүү мерчемделген.
 
Ал эми жалпы 10/0,4 кВ 1243 чакырым аба чубалгысынан 1151 чакырымы техникалык тейлөөдөн жана 47,2 чакырым аба чубалгысы накталап оңдоодон өткөрүлөт.
 
Мындан тышкары, 2024-жылга иш планга ылайык Кочкор районундагы 110/35/10 кВ жогорку чыңалуудагы 41 көмөк чордондорду капиталдык оңдоодон өткөрүү, анын ичинде 129 жабдуу жана 56 көмөк чордондорду, анын ичинде 2266 жабдууну учурдагы оңдоодон өткөрүү иштери каралган.
 
Ошондой эле бүгүнкү күндө Кочкор РЭТи АСКУЭ акылдуу эсептегичтин 1 фазалуу – 6813 даана, 3 фазалуу – 641 даана кардарларга орнотту.
 
 
Урматтуу кардарлар, оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалыматты расмий сайттан билсеңиздер болот жана “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.
Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0 (3535) 6-00-79, 0775-14-51-45 (Вотсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.