2024 – жылга Нарын РЭТи 106 даана трансформаторду техникалык тейлөөдөн өткөрөт

29 Апрель 2024 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы – Нарын электр тармактар ишканасы 2024-2 025 күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
 
2024 – жылдын иш планына ылайык аткарылуучу жумуштар:
Нарын РЭТнин тейлөөсүндө 10/0,4 кВ 230 даана трансформатор бар, анын ичинен 106 даанасы техникалык тейлөөдөн ал эми 34 даана трансформатор накталап оңдоодон өткөрүү мерчемделген.
 
Капиталдык курулуштун эсебинен ашыкча жүктөм менен иштелип жаткан 13 даана трансформаторун алмаштыруу пландалууда.
Ал эми жалпы 10 кВ 120,4 чакырым аба чубалгысынан 36,8 чакырымы техникалык тейлөөдөн жана 33 чакырым аба чубалгысы накталап оңдоодон өткөрүлөт.
Жана ошондой эле 0,4 кВ 183,9 чакырым аба чубалгысынан 7,5 км реконструкцияланып, СИП – 2 кабельдик чубалгыга алмашылат.
 
2024-жылдын 1-мартына карата АСКУЭ акылдуу эсептегичтин 7339 данаа алмашылып, мунун ичинен 1 фазалуу –4625 даана, 3 фазалуу – 2714 даана кардарларга орнотулду.
 
Урматтуу кардарлар, оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалыматты http://npes.nesk.kg/ru/ расмий сайтынан билсеңиздер болот жана “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.
 
Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0(3522) 5-23-43, 0554-363-663 (Вотсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.