2025-жылы Нарын облусунда 3233 даана темир-бетон мамылары орнотулду
21 Январь 2026 ж.
Энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформаларынын алкагында “КУЭТ” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан 2025-жылы Нарын облусунда ишкананын темир-бетон буюмдарын чыгаруучу цехинде өндүрүлгөн темир-бетон мамылары орнотулуп, алмаштырылды.
Калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатын көздөгөн бул иш-аракеттердин жыйынтыгы менен жалпысынан 3233 даана темир - бетон мамылары Нарын облусунун аймактарында орнотулду.
Темир-бетон мамыларын орнотуу жана алмаштыруу иштери капиталдык курулуш планына ылайык төмөнкүдөй жүргүзүлдү:
1. Ат-Башы РЭТи — 771 даана;
2. Ак-Талаа РЭТи — 249 даана;
3. Жумгал РЭТи — 220 даана;
4. Кочкор РЭТи — 577 даана;
5. Нарын РЭТи — 496 даана;
6. Тогуз-Торо РЭТи — 184 даана.
Мындан тышкары, оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 736 даана темир-бетон мамы алмаштырылып, орнотулду.
Ошондой эле 2026-жылы, цех 5316 даана темир-бетон буюмдарын жана мамыларды өндүрүп, райондорго керектүү өлчөмдө бөлүп берүүнү пландоодо. Ал эми ремонттук кампаниянын башталышы менен капиталдык курулуш жана оңдоп-түзөө иш болжомдоруна ылайык облус боюнча 2560 даана темир-бетон мамыларын орнотуу пландалууда.
Эске салсак, 2024- жылы 31- августта Нарын шаарында, 2025-жылдын ноябрь айында Кочкор районунун Чолпон айылында дагы темир-бетон мамыларын өндүрүүчү цех курулуп, ишке берилген. Аталган цехтер ишке берилгени ишкананын ишмердүүлүгүнө керектелүүчү мамылар менен толук камсыздалып, башка жактан сатып алуу муктаждыгы жоюлду.