Колл - борбор: 105

2026-жылы Нарын облусунда электр менен камсыздоонун кубаттуулугу жогорулатылат

22 Апрель 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун энергетика тармагын өнүктүрүү жана тартыштыктан чыгаруу боюнча койгон тапшырмасына ылайык, Энергетика министрлиги акыркы 5 жылда калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бир катар долбоорлорду ишке ашырып, эскирген жабдууларды жаңылап, атайын техникалар менен камсыз кылып, энергетиктерге жеткиликтүү шарт түзүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келет.
 
Буга ылайык, алдыдагы 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери башталып, быйыл Нарын облусунун электр менен камсыздоонун кубаттуулугун жогорулатуу боюнча пландар коюлган.
 
Атап айтканда, 2026-жылы Нарын облусундагы жалпы 2275 даана трансформаторлордун кубаттуулугу 453 850 кВА болсо, эми 463 170 кВАга жогорулатылат жалпы өсүш 9 320 кВА.
Бул көрсөткүч аймактын энергетикалык потенциалын кыйла күчөтүп, электр тармактарындагы жүктөмдү азайтууга өбөлгө түзөт.
Райондор боюнча:
Ак-Талаа району – 45 475 кВА + 400 кВА кошулуп = 45 875 кВА түзөт.
Ат-Башы району – 69 452 кВА + 1 200 кВА кошулуп = 70 652 Ква түзөт
Кочкор району – 103 787 кВА + 2 730 кВА кошулуп = 106 517 кВА түзөт
Нарын району – 157 055 кВА + 4 090 кВА кошулуп = 161 145 кВА түзөт
Тогуз-Торо району – 35 656 кВА + 900 кВА кошулуп = 36 556 кВА түзөт
 
Мындан тышкары, жалпы 2 480 кВА кубаттуулуктагы кошумча трансформаторлор орнотулат:
Ат-Башы району – 400 кВА
Жумгал району – 800 кВА
Нарын району – 1 280 кВА
 
Ошондой эле, электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында трансформаторлорду капиталдык жана учурдагы оңдоодон өткөрүү иштери жүргүзүлөт:
Ат-Башы району – 347 даана
Ак-Талаа району – 246 даана
Тогуз-Торо району – 159 даана
Нарын району – 562 даана
Кочкор району – 566 даана
Жумгал району – 225 даана
Жалпы: 2 105 даана, анын ичинен бүгүнкү күндө 545 даана оңдоодон өттү.
 
Мындан тышкары, 35/10 кВ жогорку чыңалуудагы «Нарын-2» көмөк чордонунда 6,3 МВА күчтүк трансформатордун ордуна 10 МВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулат. Бул чечим түйүндөгү жүктөмдү олуттуу азайтып, чыңалуунун сапатын туруктуу кармоого мүмкүнчүлүк берет.
Ал эми «Нарын-2» көмөк чордонундагы алмаштырылган 6,3 МВА трансформатор каскаддык ыкма аркылуу Ат-Башы районундагы «Кара-Коюн» көмөк чордонуна орнотулат. Натыйжада, ал жерде мурда колдонулуп келген 4 МВА трансформатор алмаштырылып, аймактын электр менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү кеңейтилет.
 
Бул иш-чаралар жыл аягына чейин комплекстүү түрдө ишке ашырылып, Нарын облусунда энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга олуттуу салым кошот.
Электр энергиясы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн “КУЭТ” ААКнын күнү-түнү иштөөчү чалуу борборунун төмөнкү телефондоруна кайрылсаңыздар болот:
📞105 (акысыз чалуу),
📞+996 772 001209, 0556 001209
📲 WhatsApp: +996 702 001209