Колл - борбор: 105, 1209

22-декабрь – Энергетиктердин кесиптик майрамы

22 Декабрь 2025 ж.

22-декабрь — Энергетиктердин кесиптик майрамына карата «КУЭТ» ААКнын Нарын электр тармактар ишканасында салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, энергетика тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткан бир катар кызматкерлер сыйланды.

Сыйлык тапшыруу аземине Энергетика министрлигинин жана «КУЭТ» ААКсынын атынан башкы директорунун биринчи орун басары Матаев Шамил Нурбекович, Нарын облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Беккелдиев Жылдызбек Рысбекович,  Нарын шаарынын мэри Немат уулу Жайнак, ошондой Нарын регионалдык энергетикалык көзөмөлдөө кызматынын башчысы Курманкожоев Адилет Карыпбекович  катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө энергетика тармагында үзүрлүү эмгек өтөп, калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого салым кошуп келе жаткан мыкты кызматкерлерге аталган жетекчилер тарабынан ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары тапшырылды. Мындан тышкары, ишкананын кесиптик бирлик комитети да кызматкерлердин эмгегин жогору баалап, өз атынан ардак грамоталарды жана сыйлыктарды ыйгарды.

Келген коноктор энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жоопкерчиликтүү жана татаал эмгеги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүндө маанилүү орунду ээлерин белгилешти. Ошондой эле энергетика тармагын мындан ары өнүктүрүү, электр тармактарын жаңылоо жана калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу багытында аткарылып жаткан иштерге токтолушту.

Салтанаттуу иш-чара майрамдык маанайда өтүп, энергетиктердин эмгегине болгон урмат-сый дагы бир ирет даңазаланды. Катышуучулар энергетиктерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ишинде ийгиликтерди каалашты.