22 - декабрь - энергетиктердин кесиптик майрамы
22 Декабрь 2024 ж.
Урматтуу энергетика ардагерлери жана кесиптештерим!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Энергетиктер күнү жана Кыргызстан энергетикасынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Энергетика системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган эмгегиңиздер өлкөбүздүн өнүгүүсүнө баа жеткис салым болуп саналат. Сиздердин жан аябастыгыңыздар жана кесипкөйлүгүңүздөр аркасында үйлөрүбүз ар дайым жарык жана жылуу.
Сиздерге чың ден соолук, бакыт, жаңы кесиптик ийгиликтер жана жаңы бийиктиктерге жетүүнү каалайм. Ар бир күнүңүз энергияга жана позитивге толсун!
Урматым менен,
"КУЭТ" ААКнын филиалы Нарын электр тармактары ишканасынын директору
Сакиев Р.Н