35 кВ «Үгүт–Тоголок-Молдо» аба чубалгысы коопсуз аймакка көчүрүлүүдө
15 Апрель 2026 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу жана 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында «КУЭТ» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан 35 кВ «Үгүт–Тоголок-Молдо» аба чубалгысын коопсуз аймакка көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган аба чубалгысынын темир-бетон тирегин былтыр Нарын дарыясы агызып кеткен. Ошол учурда линия убактылуу калыбына келтирилген. Быйыл бекитилген иш мерчемине ылайык, коопсуздукту камсыз кылуу максатында 13 даана зым тирек суу жээгинен алыс аймакка көчүрүлүп, иштер кызуу жүрүп жатат.
Бул иштер капиталдык курулуштун алкагында аткарылып, ага жалпы 13 кызматкер жана 6 даана атайын техника тартылган.
Аталган аба чубалгысын коопсуз аймакка көчүрүүнүн натыйжасында Ак-Талаа районунун Ак-Кыя, Куртка, Тоголок-Молдо жана Жогорку-Май айылдары туруктуу электр энергиясы менен камсыздалып, электр тармагынын ишенимдүүлүгү кыйла жогорулайт.
Мындан тышкары, жогорку чыңалуудагы тармактар кызматынын 2026-жылга карата иш мерчеминде төмөнкү иштер каралган:
• аба чубалгыларды тейлөө үчүн жолдорду куруу;
• 35 кВ «Үгүт–Карл-Маркс» аба чубалгысындагы эски мамыларды 20 даана СВ-164 тибиндеги темир-бетон зым тиректерге алмаштыруу;
• 35 кВ «Үгүт–Баетов» аба чубалгысында 21,6 чакырым АС-50 өткөргүч зымын АС-95 тибиндеги зымга алмаштыруу аркылуу жаңылоо.
Ошондой эле, 2026-жылы жалпысынан 8000 даана изоляторду алмаштыруу пландалууда. Ишкананын тейлөөсүндөгү 1996,077 чакырым аба чубалгысынын ичинен 50 чакырымы капиталдык оңдоого каралган. Бүгүнкү күнгө карата анын 20 чакырымы аткарылды. Ал эми учурдагы оңдоо иштеринин алкагында 1950 чакырымдын 136 чакырымы оңдоодон өткөрүлдү. Бул иштерди толугу менен октябрь айынын аягына чейин аяктоо пландалууда.
Жүргүзүлүп жаткан иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана калкты сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.