Колл - борбор: 105

35 кВ «Нарын-1 – Карл-Маркс» аба чубалгысында оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

10 Сентябрь 2026 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан электр тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо иштеринин алкагында 35 кВ «Нарын-1 – Карл-Маркс» аба чубалгысында оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Узундугу 27,75 чакырымды түзгөн, 113 даана темир-бетон мамылары бар аба чубалгыны жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы тейлейт.

Учурда аба чубалгы толугу менен техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, 167 даана изолятор алмаштырылууда. Ошондой эле аба чубалгысына тийген бак-дарактарды бутоо жана тазалоо иштеринен өткөрүлүп, темир-бетон мамыларынын нумерациялары жаңыртылууда.

Элге жарык тартуулоо — биздин башкы максатыбыз!