Колл - борбор: 105, 1209

35 кВ “Үгүт – Тоголок Молдо” аба чубалгысы коопсуз аймакка көчүрүлүүдө

12 Июнь 2025 ж.

2024-жылы Нарын дарыясында суунун деңгээлинин жогорулашынан улам, 35 кВ “Үгүт – Тоголок Молдо” аба чубалгысынын 60-зым тирегин суу жууп кеткен. Ушул эле жылы дарыянын нугу өзгөрүп, калган зым тиректерге да кооптуу жагдай жаралды.
 
Мындай шарттардан улам, аба чубалгынын техникалык коопсуздугун камсыздоо максатында “Үгүт – Тоголок Молдо” аба чубалгысын коопсуз аймакка көчүрүү пландалган. Көчүрүү иштери бүткөнгө чейин керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында, линия убактылуу 35 кВ “Үгүт – Пионер” аба чубалгысына кошулду.
 
Бул убактылуу кошуу иштеринин алкагында төмөнкү жумуштар аткарылды:
• 1 даана темир анкер зым тиреги орнотулду;
• 7 даана темир-бетон зым тиреги орнотулду;
• Жалпысынан 2050 метр узундуктагы аба чубалгы тартылды.
 
Аткарылган иштер менен “Үгүт – Тоголок Молдо” багытындагы электр камсыздоо туруктуулугу камсыздалып, аба чубалгынын техникалык коопсуздугу убактылуу негизде сакталды. Туруктуу көчүрүү долбоору аяктаган соң, аба чубалгы жаңыланган жана коопсуз маршрут аркылуу туруктуу иштөөсүнө өткөрүлөт.