Колл - борбор: 105, 1209

35/10 кВ "Жеңиш" көмөк чордонунда жаңы вакуумдук өчүргүч алмаштырылып, толук ремонттук иши аяктады

7 Август 2024 ж.

"КУЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматы Ак-Талаа районундагы 35/10 кВ "Жеңиш" КЧда эскилиги жеткен жабдыктарды алмаштырып, жаңы вакуумдуу өчүргүчтү орнотушту.
 
Ошондой эле релелик коргоо жана автоматика кызматы тарабынан жабдууларды зыянга учуратпоо максатында коргоочу жабдуулар жаңыланды.
 
Аталган көмөк чордон 1968-жылдан бери Ак-Талаа районуна караштуу Жеңиш айылынын 600 абонентин электр жарыгы менен камсыз кылып келген, бүгүнкү күндө керектөөчүлөрдүн саны өсүп электр жабдыктарын жаңыртууга муктаждык жаралган. Бардык керектүү жабдыктар капиталдык курулуштун эсебинен алынып, орнотуу иштери толугу менен аяктады.
 
Жасалып жаткан бул оңдоо иштеринин башкы максаты ашыкча чыңалуудан жабдыктарды коргоо жана Жеңиш айыл тургундарына сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо болуп саналат.
 
Урматтуу керектөөчүлөр! Оңдоо иштеринин кайсы аймакта жана качан жүргүзүлөөрү тууралуу маалыматты расмий сайттан (http://npes.nesk.kg/ru/) же "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу биле аласыздар.
 
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209 номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот