Колл - борбор: 105

500 кВ «Датка–Кемин» аба чубалгысында учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

8 Октябрь 2026 ж.

 
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тапшырмаларынын алкагында энергетикалык объектилерди күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдоо боюнча иштер Нарын облусунда уланууда.
 
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы (ЖЧТК) 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине 99 пайызга даяр.
 
ЖЧТК тарабынан тейленген жогорку чыңалуудагы аба электр чубалгыларынын жалпы узундугу 1996,7 чакырымды түзөт.
 
2026-жылга пландалган капиталдык оңдоо иштери 49,5 чакырым электр чубалгысында жүргүзүлүп, белгиленген көлөм толугу менен аткарылды.
 
Учурда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүү максатында 1956,4 чакырым аба чубалгысында учурдагы оңдоо иштери пландалып, бүгүнкү күндө бул иштер 99 пайызга аткарылды.
 
Ошондой эле электр чубалгыларындагы эскирген изоляторлорду жаңылоо боюнча пландалган 7789 даана изолятор толугу менен алмаштырылды.
Учурда 500 кВ «Датка–Кемин» аба чубалгысында да учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлүп, линиянын техникалык абалы текшерилип, электр энергиясын ишенимдүү өткөрүп берүү үчүн зарыл болгон иштер аткарылууда.
 
Мындан тышкары, аба чубалгыларын табигый факторлордон коргоо жана авариялык кырдаалдардын алдын алуу багытында да иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, 35 кВ «Кара-Кече–Карьер» аба чубалгысында суу жеп кетүү коркунучу жаралган тилкеде 3 электр мамысы коопсуз жерге жылдырылып, линиянын ишенимдүү иштеши камсыздалды.
 
Жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, керектөөчүлөрдү күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен туруктуу камсыздоого багытталган.