Ак калпак күнү
5 Март 2026 ж.
Урматтуу мекендештер!

Сиздерди 5-март — Ак калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Ак калпак — кыргыз элинин улуттук сыймыгы, ата-бабадан мурас болуп келген баш кийим. Ал элибиздин тарыхын, маданиятын, нарк-насилин жана улуулугун даңазалаган символ болуп саналат.
Бул майрам улуттук баалуулуктарыбызды урматтоого, салт-санаабызды сактоого жана аны келечек муундарга өткөрүп берүүгө чакырат.
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ынтымак жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз. Ак калпагыбыз бийик болуп, элибизде тынчтык жана береке болсун!
Урматтоо менен,
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы -
Нарын электр тармактар ишканасы