Колл - борбор: 105, 1209

«Ак-Кыя – Нарын-1» аба чубалгысында 208 изолятор алмашылды

4 Август 2025 ж.

«Ак-Кыя – Нарын-1» 110 кВ аба чубалгысында утурумдук оңдоо иштеринин алкагында жалпысынан 208 изолятор алмаштырылды. Бул иштер электр энергиясын жеткирүүдө коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү.
 
Аталган оңдоо иштери «Кыргызстан Улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы тарабынан жүргүзүлүп, эскирген жана жараксыз абалга келген изоляторлор жаңы ПС 70 үлгүлөрүнө алмаштырылып, 12 даана канаттуулардан коргоочу шаймандар орнотулду.
 
Мындай профилактикалык иштер аймактагы энергетикалык коопсуздукту арттырып, өчүүлөрдүн алдын алууга жана үзгүлтүксүз жарык менен камсыздоого багытталган.
 
Электр энергиясына байланыштуу бардык суроолоруңуз боюнча күнү-түнү иштеген чалуу борборуна кайрылыңыз:
105, 1209
+996 772 001209
+996 556 001209
+996 702 001209 (WhatsApp)