Колл - борбор: 105, 1209

Ак-Талаа райондук электр тармагына жаңы автоунаа тапшырылды

28 Август 2025 ж.

2025-жылдын 25-августунда – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине жана бир катар мамлекеттик органдарга жаңы автоунаалардын ачкычтарын салтанаттуу тапшырды. Бул иш-чаранын алкагында Нарын электр тармактар ишканасына 1 даана жаңы автоунаа бөлүнгөн.
 
Бүгүн, аталган автоунаанын ачкычы Ак-Талаа райондук электр тармактарынын жетекчилигине тапшырылды. Бул жаңылык аймактагы электр камсыздоо иш-чараларын сапаттуу жана ыкчам жүргүзүүгө чоң салым кошмокчу.
 
Нарын электр тармактарынын башкы инженери орун басары Имашов Нурлан Бегимбаевич бул саамалык тууралуу төмөнкүдөй оюн билдирди:
“Жаңы техниканын берилүүсү биздин кызматкерлер үчүн чоң жардам. Ак-Талаа сыяктуу тоолуу аймакта заманбап унаанын болушу – ар кандай ыкчам кырдаалдарга тез реакция кылууга жана керектүү иштерди сапаттуу аткарууга мүмкүнчүлүк берет. Бул колдоосу үчүн жетекчиликке ыраазычылык билдиребиз,” – деди ал.
 
Жаңы автоунаа менен аймактагы электр тармактарын тейлөө иштери дагы да натыйжалуу жүргүзүлүп, калкка туруктуу электр энергиясын камсыздоо максаты көздөлүүдө.