Колл - борбор: 105

Ак-Талаа районунда энергетиктердин күнүмдүк турмуш ыргагы күчүндө

29 Январь 2026 ж.

Ак-Талаа районунун энергетиктери акыркы 3 жылдан бери заман талабына жооп берген 7 даана атайын техника менен камсыздалып, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу багытында тынымсыз эмгектенип келишет. Кышы узак, шарты катаал бул райондо энергетиктердин ар бир жумуш күнү жоопкерчиликке, тактыкка жана ыкчамдыкка негизделет.
 
Жаңы атайын техникалар, кызматтык унаалар жана оңдоо иштерине керектүү жабдуулар энергетиктердин ишин бир топ жеңилдетип, коопсуздук деңгээлин жогорулатып келет. Мунун аркасында ар кандай абалдар катталган учурда тез жетип, электр линияларын кыска мөөнөттө калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
 
Эртең мененки текшерүүдөн тартып, алыстагы айылдарга чейин жетип, электр мамыларын, подстанцияларды көзөмөлдөө — энергетиктер үчүн кадимки турмуш ыргагы. Алардын иши көп учурда байкалбай калганы менен, ар бир күйгөн чырактын артында талыкпас эмгек, тажрыйба жана жоопкерчилик турат.
 
Ак-Талаанын энергетиктери заманбап техникага таянып гана тим болбостон, кесипкөйлүк менен элге кызмат кылууну башкы максат катары көрүшөт. Бул — аймактын туруктуу өнүгүүсүнө кошулган ишенимдүү салым.