Колл - борбор: 105, 1209

Ак-Талаа районунда коопсуздук эрежелери боюнча окутуу өткөрүлдү

8 Декабрь 2025 ж.

Энергетика министрлигинин койгон тапшырмалардын алкагында, кечээ, 8-декабрь "КУЭТ" ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техника кызматы (ИКТК) Ак-Талаа райондук электр тармактарынын кызматкерлери үчүн электр жабдууларын тейлөө жана оңдоо учурунда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча окуу өткөрдү.

Иш-чаранын негизги максаты — өндүрүш учурундагы кырсыктардын алдын алуу, кырсык  катталган учурда жасалуучу негизги аракеттерди көрүү. 

Окутуунун алкагында төмөнкү багыттар каралды:

 • жогорку жана төмөнкү чыңалуудагы жабдууларда иш алып барууда коопсуздук талаптарын аткаруу;

 • кырдаалды туура баалоо жана тобокелдикти минималдаштыруу;

 • жеке коргонуу каражаттарын туура колдонуу;

 • өндүрүштүк тартипти сактоо жана окуяларды өз учурунда каттоо   

• кырсык болгон учурда биринчи жардам көрсөтүү жана башка иш-аракеттерди туура жасоо.

Мындан тышкары, 2025-жыл ичинде республика боюнча катталган бөөдө кырсыктар тууралуу атайын даярдалган видеороликтер көрсөтүлүп, кетирген каталарга талдоо жүргүзүлдү.

ИКТК адистеринин билдирүүсүнө караганда, мындай окуулар ишкерсандардын ишенимдүү жана коопсуз иш жүргүзүүсүнө чоң салым кошот.