Колл - борбор: 105, 1209

Ак-Талаа районунда кышка даярдык иштеринин алкагында оңдоо иштери уланууда

27 Июнь 2024 ж.

"КУЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын Ак-Талаа РЭТинде кыш мезгилине даярдык көрүү максатында оңдоо иштерин тынымсыз жүргүзүүдө.
 
Бул айда мерчемделген иштердин негизинде, жалпы 28 даана трансформатор, ошондой эле 10/0,4 кВ аба чубалгысында 8,6 чакырым аралыкта оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө бул иштер толугу менен аяктап калды.
 
Бул аракеттер аймактын тургундарына кыш мезгилинде үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясын камсыздоо максатында жасалууда, ал эми Ак-Талаа РЭТнин кызматкерлери алдыдагы жумуштарды да өз убагында жана сапаттуу аткарууга даярдык көрүп жатат.
 
Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилине даярдык катары өткөрүлүп жаткан оңдоо иш-чаралары облустун бардык райондорунда тынымсыз жүргүзүлүүдө.