Колл - борбор: 105, 1209

Ак-Талаа районунда техникалык коопсуздук күнү өттү

22 Январь 2025 ж.

"Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы Нарын электр тармактар ишканасынын Ак-Талаа районунда техникалык коопсуздук күнү өткөрүлүп, ИКТ кызматынын (ишенимдүүлүк жана техника коопсуздугу) кызматкерлери тарабынан окуу жана машыгуу иш-чаралары өткөрүлдү. 
 
Иш-чаранын негизги максаты — электр тармактарында иш алып барган кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу жана кырсыктын алдын алуу болуп саналат.
 
Ар айдын 3 - шейшемби күнү өткөрүлүүчү техникалык коопсуздук күнүнүн алкагында Ак-Талаа районунун Баетов, Чолок-Кайың жана Куртка участкаларынын бардык кызматкерлерине коопсуздук эрежелерин так сактоо жана электр тогунан жабыр тарткан адамга биринчи тез жардам көрсөтүү боюнча "Гоша" тренажердук роботто практикалык машыгуулар өткөрүлдү.
 
Бул иш-чаралар кызматкерлердин профессионалдык чеберчилигин жогорулатууга, жумушту коопсуз алып барууга, ошондой эле кырсыкка дуушар болгондорго так жана кыска мөөнөттө жардам көрсөтүүгө багытталган.
 
Техникалык коопсуздук күнү — бул электр тармактарында иштегендер үчүн маанилүү окуу жана машыгуу күндөрү болуп, жамааттын коопсуздугун сактоого чоң салым кошот.