Колл - борбор: 105, 1209

Ак-Талаа районунда жогорку чыңалуудагы 20 даана мамычалар алмаштырылды

18 Июль 2024 ж.

"КУЭТ" ААКнун филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы Ак-Талаа районуна караштуу Пионер-Учкун участкасында 20 даана темир-бетон мамычаларын алмаштырды.
 
35 кВ "Үгүт-Карл-Маркс" аба чубалгысында эски мамычаларды алмаштыруу үчүн капиталдык курулуштун эсебинен план боюнча 20 даана темир-бетон тирөөчтөр алынып, бүгүнкү күндө алмаштыруу иштери аяктады.
 
1960-жылдары аталган аба чубалгыларын тартуу учурунда мамычалар жеринен колго куюлуп, орнотулган. Дээрлик 60 жылдан ашык кызмат кылган бул мамычалар азыркы убакта авариялык абалга келип, алмаштырууга жатат.
 
Маалымат катары, бул аба чубалгынын жалпы узундугу 75 чакырым ал эми тейлөөдө 449 даана мамычалардын ичинен алмаштырууга тийиш болгон СН-1 үлгүсүндө 254 даана мамычалар бар. Бүгүнкү күнгө чейин 37 даана алмаштырылды.
 
Жасалып жаткан оңдоо иштери облустун бардык аймактарында тынымсыз жүргүзүлүп, керектөөчүлөрдү күз-кыш мезгилинде үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.