Электр энергиясына болгон муктаждыктын өсүшү жана аймак тургундарын туруктуу электр энергия менен камсыз кылуу негизги максат. Мына дал ушул максатта “Кыргызстан УЭТ” ААКнын Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Ак-Талаа райондук электр тармактары тарабынан ири оңдоо жана жаңылоо иштери башталды.
Өзгөчө жүктөм жогору болгон Баетов, Чолок-Кайың жана Ак-Кыя айылдарында кубаттуулукту жогорулатуу максатында эски трансформаторлор жаңы жана кубаттуусуна алмаштырылат. Тактап айтканда, Баетов жана Ак-Кыя айылдарында мурдагы 160 кВа кубатындагы трансформаторлордун ордуна 400 кВа 2 даана трансформаторлор орнотулат. Ал эми Чолок-Кайың айылында мурдагы 63 кВа трансформатору 250 кВа трансформаторго алмаштырылып, электр жүгүн бөлүштүрүүдө туруктуулукту камсыздалат.
Мындан тышкары, 260 чакырымга жакын 10/0,4 кВ аба чубалгыларын утурумдук жана капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. Бүгүнкү күндө анын 22 чакырымы оңдоодон өттү. Ошондой эле жалпы 251 трансформатордун 40 даанасы оңдолуп, колдонууга берилди.
Кайра куруу иштеринин алкагында 8 чакырым СИП-3 жана СИП-2 аба чубалгыларын тартуу, 200гө жакын эскирген мамыларды алмаштыруу да каралган. Бул иштерди июнь айынан тарта баштоо пландалууда.
Бул иш-чаралардын негизги максаты – электр энергиясынын кубаттуулугун жогорулатуу менен, калкты үзгүлтүксүз, коопсуз жана сапаттуу электр жарыгы менен камсыздоо.