Ат-Башы райондук электр тармагы 1-орунду камсыз кылды
30 Апрель 2026 ж.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан жарыяланган “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужол жарлыгынын алкагында Ат-Башы районунда мекеме-ишканалар арасында “Кыз назы менен сулуулук, жигит намысы менен улуулук” аттуу мазмундуу жана тарбиялык мааниси терең сынак жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Сынакка район аймагындагы ар түрдүү мекеме-ишканалардан жалпы 9 жуп катышып, 7 этап боюнча өздөрүнүн өнөрүн, адебин, улуттук каада-салттарды билүүсүн жана чыгармачылык дараметин татыктуу деңгээлде көрсөтүштү. Ар бир катышуучу улуттук нарк-насилди даңазалап, кыргыз элинин руханий байлыгын даана чагылдырды.
Жыйынтыгында “КУЭТ” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын Ат-Башы райондук электр тармагы өзүнүн мыкты даярдыгы, сахна маданияты жана чыгармачылык өзгөчөлүгү менен айырмаланып, атаандаштар арасынан озуп чыгып, сыймыктуу 1-орунду багындырды.
Бул ийгилик — жамааттын биримдигинин, эмгекчилдигинин жана улуттук баалуулуктарга болгон терең урмат-сыйынын жыйынтыгы болуп саналат.
Аталган сынакта Ат-Башы райондук электр тармагынын атынан Мамытбекова Венера, Бекбосунов Шамен катышып, мыкты өнөрүн көрсөтө алды. Алар өз сөзүндө жетишкен ийгиликке жетекчинин колдоосу өзгөчө мааниге ээ болгонун баса белгиледи.
Иш-чара жаштарды улуттук рухта тарбиялоого, ата-бабалардан калган асыл мурастарды сактоого жана коомдо маданий баалуулуктарды жайылтууга чоң түрткү берди.