Колл - борбор: 105, 1209

Ат-Башы районунда 307 трансформатор оңдоодон өткөрүлөт

14 Май 2025 ж.

Быйыл, "КУЭТ" ААКнын филиалы Нарын электр тармактары ишканасына караштуу  Ат-Башы райондук электр тармактары 2025-2026-жылга карата күз-кыш мезгилине даярдыктардын алкагында планга  ылайык оңдоп-түзөө иштерин улантууда.

Утурумдук жана капиталдык оңдоо иш планына ылайык жалпы 307 даана трансформатор, 10 кВ - 452,6 ал эми 0,4 кВ - 312,8 чакырым аба чубалгылары жыл аягына чейин толук бүткөрүүнү мерчемдеген, бүгүнкү күндө 49 трансформатор, 85,3 чакырым аба чубалгы оңдолду.

Мындан тышкары, капиталдык курулуш боюнча төмөнкү иштер аткарылат:

-жалпы 3 км 900 метр 10 кВ СИП-3 жана 0,4 кВ СИП-2 аба чубалгыларын жаңы куруу, 

-10 кВ - 7,3 км жана 0,4 кВ - 9 км аба чубалгысын кайра куруу, 

- 400 кВА кубаттуулуктагы 3 даана ГКТП орнотуу,

-4 даана кубаттуулугу 400 кВА комплекттүү көмөкчү чордондун шкафын алмаштыруу,

- 1 даана реклоузер орнотуу.

Маалымат катары, Ат-Башы районунун Талды-Суу айылындагы электр энергиясын бөлүштүрүүнү жакшыртып, жергиликтүү тургундар үчүн үзгүлтүксүз энергия менен камсыз кылуу үчүн 35/10 кВ “Талды-Суу” КЧнун куруу, 

Ат-Башы районунда эскилиги жеткен имараттын ордуна 382 м2  аянттуу 2 кабат жаңы кеңсе куруу пландалып, азыркы тапта куруу иштери жүрүп жатат.

Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна:

105, 1209    

+996 772 001209

+996 702 001209

+996 556 001209 (whatsapp) номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот