Колл - борбор: 105, 1209

Ат-Башы районунда 633 зым тирек реконструкцияланат

26 Июнь 2024 ж.

"Кыргызстан УЭТ" ААК филиалы - Нарын электр тармактар ишканасы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында кеңири даярдык көрүүдө.
 
Жылдык пландын негизинде, Ат-Башы району боюнча 633 зым тиректер жана аба чубалгыларын реконструкциялоо максатында иш-чаралар өткөрүлөт.
 
Учурда Ат-Башы РЭТнин Баш-Кайыңды айылында 118 эскилиги жеткен, 1,5 чакырым аралыктагы жыгач мамычаларды темир бетон СВ-110 жана 95 үлгүсүндөгү зым тиректерине алмаштыруу иштери башталды. Иш планга ылайык зым тиректерди алмаштыруу иш-чаралар толугу менен 2 аптада аяктайт.
 
Ат-Башы районунда жүргүзүлүп жаткан бул реконструкция иштери электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыздоого багытталган. Бул аракеттер кышкы мезгилде электр энергиясын жергиликтүү калкка үзгүлтүксүз жана коопсуз жеткирүүгө шарт түзөт.