Ат-Башы районундагы Көк-Айгыр жана Үсөлөк чек ара заставалары электр жарыгы менен камсыз болду
20 Октябрь 2026 ж.
Нарын электр тармактар ишканасынын энергетиктери 48 жылдан бери электр энергиясы жетпеген чек ара заставаларына электр чубалгыларын тартып, маанилүү долбоорду ишке ашырышты.
Ат-Башы районундагы Көк-Айгыр жана Үсөлөк чек ара заставалары электр энергиясы менен камсыз болду. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин чечими жана тапшырмасынын негизинде, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын капиталдык курулуш планына ылайык каржыланып, ишке ашырылды.
Маалыматка ылайык, аталган чек ара заставалары 1976-жылы курулуп, 1978-жылы пайдаланууга берилген. Бирок дээрлик 48 жылдан бери бул аймактарда туруктуу электр менен камсыздоо системасы болгон эмес. Буга чейин электр энергиясына болгон муктаждыкты кыска убакытка гана дизелдик агрегаттарды колдонуу менен камсыздап келишкен.
Долбоордун алкагында жалпы узундугу 33 чакырым болгон СИП-3 аба чубалгысы тартылып, Нарын электр тармактар ишканасында өндүрүлгөн 500гө жакын темир-бетон мамы орнотулду. Ошондой эле ар биринин кубаттуулугу 160 кВА болгон эки даана трансформатор коюлду.
Курулуш-монтаждоо иштерине Нарын электр тармактар ишканасынын бардык райондук электр тармактарынан бириктирилген 20дан ашуун энергетик тартылды. Адистер бир ай бою тынымсыз эмгектенип, татаал шарттарга карабастан, 33 чакырымдык аба чубалгысын тартуу жана керектүү жабдууларды орнотуу иштерин толук аякташты. Алыскы жана татаал шарттарга карабастан, адистердин биргелешкен аракети менен электр энергиясын жеткирүү үчүн зарыл болгон инфраструктура түзүлдү.
Аталган долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышына байланыштуу Нарын чек ара башкармалыгынын башчысы, полковник Миршакиров Рустам Салыкжанович өлкө башчысына, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине жана долбоорду түздөн-түз ишке ашырган Нарын электр тармактар ишканасына ыраазычылык билдирди.
Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы жана чек ара заставаларын электр энергиясы менен камсыздоого кошкон салымы үчүн Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясы Нарын электр тармактар ишканасынын жетекчилигине жана Ат-Башы райондук электр тармагынын башчысына ыраазычылык каттарын тапшырды.
Ошондой эле чек ара заставаларынын электр менен камсыздалышына чоң салым кошкон Нарын электр тармактар ишканасынын энергетиктерине чек арачылар тарабынан грамоталар тапшырылып, алардын эмгегине жогору баа берилди.
Бул сыйлыктар энергетиктердин кесипкөйлүгүнө, жоопкерчилигине жана биргелешкен эмгегине берилген татыктуу баа болуп саналат.