Колл - борбор: 105, 1209

Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүнө кызматкерлер үчүн жаңы имарат пайдаланууга берилди

25 Октябрь 2024 ж.

"КУЭТ" ААКнын филиалы Нарын ЭТИнин Ат-Башы районундагы “Кында” 35/10 кВ көмөк чордонунда кызматкерлер үчүн заманбап талаптарга жооп берген жаңы кызматтык имарат пайдаланууга берилди. Бул имаратта иштөө, эс алуу, ашкана жана санитардык бөлмөлөрү бар.

Бул имарат  ыкчам ишкерсандар  ыңгайлуу иштеши үчүн бардык зарыл жабдуулар менен жабдылган. 2024-жылдын капиталык курулуш планына ылайык курулган бул объект кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, аларга жакшы иштөө шартын түзөт.

Маалымат үчүн, бул көмөк чордон 1983-жылы ишке киргизилген, бирок ушул күнгө чейин кезметте турган электр эпкерлер үчүн мындай шарт түзүлгөн эмес.

2025-жылы Тогуз-Торо районунун 35/10 кВ “Дөдөмөл”, Ат-Башы районунун 35/10 кВ “Ак-Сай” көмөк чордондоруна дагы ушундай кызматтык имараттарды куруу пландаштырылууда.

Ачылыш аземине энергетика тармагынын көмөк чордон кызматынын ардагерлери, Нарын ЭТИнин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.