Колл - борбор: 105, 1209

Ат-Башы районунун Кара Суу айылында реконструкция иштеринин 70% бүттү

28 Август 2024 ж.

Нарын электр тармактар ишканасынын Ат-Башы РЭТи Кара Суу айылында реконструкция иштерин 70%га аткарды.
 
Кара-Булуң ЭТБнын август айынын иш планына ылайык Кара Суу айылында 1 чакырым 10 кВ аба чубалгысы реконструкцияланып, 23 даана эскилиги жеткен жыгач мамычалар темир-бетонго алмашылды.
Ал эми 3 км 0,4 кВ СИП кабели жана 78 даана мамычаларды алмаштыруу иштери сентябрь айына пландалган, жалпысынан 100 даана эски мамычалар жаңысына алмаштырылат.
 
1978-жылы орнотулган жыгач мамычалар аркылуу Кара Суу айылындагы 869 абонентти электр жарыгы менен камсыз кылууда бир топ түйшүк жаратып келген болсо, мындан ары сапаттуу жана үзгүлтүксүз жарык берилмекчи.
 
Маалымат катары, бул күнгө чейин аталган айылда 3 трансформатор накталап жана учурдагы оңдоодон өтүп, 17 даана ТП техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.
 
Урматтуу керектөөчүлөр! Оңдоо иштеринин кайсы аймакта жана качан жүргүзүлөөрү тууралуу маалыматты расмий сайттан (http://npes.nesk.kg/ru/) же "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу биле аласыздар.
 
Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209 номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот.