Колл - борбор: 105

Ат-Башы РЭТинде реконструкция иштери активдүү жүргүзүлүүдө

26 Август 2026 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасында 2026-жылга карата бекитилген реконструкциялоо иштеринин алкагында электр тармактарын жаңылоо жана кубаттуулукту жогорулатуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө.
 
Атап айтканда, район аймагындагы эскирген жыгач электр мамыларын темир-бетон мамыларга алмаштыруу, аба чубалгыларын жаңылоо жана электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер аткарылууда.
 
Ишкананын планына ылайык, Ат-Башы районунун Кара-Булуң, Кызыл-Туу, Погранич, Калинин, Терек-Суу, Ак-Моюн жана Ат-Башы айылдарында жалпы 14,5 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо, ошондой эле жаңы 500 метр аба чубалгыларын куруу каралган. Жаңылоо иштерин жыл аягына чейин толук бүткөрүү пландалууда.
 
Мындан тышкары, эскилиги жеткен жыгач мамыларды алмаштыруунун алкагында 443 даана темир-бетон мамы орнотулууга тийиш. Бүгүнкү күндө алардын 96 даанасы орнотулуп, иштер улантылууда.
Электр энергиясына болгон керектөөнүн өсүшүн эске алуу менен реконструкциялоо иштеринде кубаттуулукту жогорулатууга да өзгөчө көңүл бурулууда. 400 кВАлык 3 даана ГКТП алмаштырылып, 1 даана жаңы орнотулат, жалпы 4 даана. Ошондой эле Талды-Суу айылына кошумча 1 даана 400 кВА кубаттуулуктагы ГКТП орнотуу пландалган.
 
Белгилей кетсек, Нарын электр тармактар ишканасынын бардык кызматкерлери тарабынан Көк-Айгыр, Усилек заставаларына 30 чакырым СИП-3 аба чубалгылары тартылып, 475 темир-бетон мамылары 1 ай убактысында орнотулуп бутту.
 
Жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштеринин негизги максаты — электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле аймактагы электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу.
 
Ат-Башы РЭТинин кызматкерлери тарабынан белгиленген пландын негизинде иштер этап-этабы менен жүргүзүлүп, жыл аягына чейин каралган жаңылоо иштерин толук аткаруу максат кылынууда.