Колл - борбор: 105, 1209

Баш-Кайыңды айылындагы электр мамычалары толугу менен жаңыланды

25 Сентябрь 2024 ж.

"КУЭТ" ААКнын филиалы – Нарын электр тармактар ишканасы Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында реконструкция иштерин бүткөрдү
 
Райондук электр тармактарынын иш планына ылайык, 10 кВ Баш-Кайыңды тарамында 33 даана жыгач мамычаны темир-бетон мамычаларга алмаштырып, 1,5 чакырым аба чубалгысын жаңылап, 0,4 кВ тарамында 118 даана жыгач мамычаны темир-бетон мамычалар менен алмаштырып, 3 чакырым 0,4 кВ СИП кабелин тартып, 10 жана 0,4 кВ аба чубалгысында 9 чакырым аралыктагы бактарды кыйып тазалоо иштери аткарылды.
 
Бул иштер Баш-Кайыңды айылынын 863 абонентин сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, техникалык жоготууларды азайтуу максатында жүргүзүлдү.