Колл - борбор: 105, 1209

Бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясыз жашаган Кара-Үңкүр бөлүмүнүн жол оңдоо пункту электр энергиясы менен камсыз болду

16 Июнь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында, өлкөнүн алыскы аймактарын өнүктүрүүгө багытталган бир топ алгылыктуу иштер ишке ашырылууда. Бул аракеттердин алкагында, электр энергиясы жок айылдарга жарык берилүүдө.
 
2025-жылдын 13-июнунда, Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев иш сапары менен Нарын облусуна барып, Нарын районундагы Казан-Куйган айыл аймагында жайгашкан Кара-Үңкүр жол тейлөө пунктунун тургундары менен жолугушуп, бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясы жок жашаган пункка жарык берүү иш-чарасына катышты.
 
Бул маселе айыл тургундары тарабынан Элдик курултайда көтөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичке кайрылуу жасашкан. Энергетика министрлиги тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынып, ишке ашырылды.
 
Объект Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин тапшырмасы менен “Энерготрейд” ЖЧКсы тарабынан жогорку сапатта жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлдү.
 
Жалпы сметалык баасы 10 миллионду сомду түзүп, курулуш иштеринде:
-жалпы узундугу 4 км 860 м чакырымды түзгөн 10 кВ аба чубалгысы курулуп, ага 118
даана зым тирек орнотулду;
-кубаттуулугу 100 кВА болгон 10/0,4 кВ КТП орнотулду;
-андан ары 200 метр аралыкка 0,4 кВ аба чубалгысы тартылып, 5 даана кошумча зым тирек орнотулду.
 
Энергетика министри Таалайбек Ибраев калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу энергетиктердин милдети жана ийгилиги экенин айтып өттү.
«Бүгүн биз үчүн жана Кара-Үңкүр жол тейлөө пунктунун тургундары үчүн өзгөчө ийгиликтүү күн.
Буга чейин электр энергиясыз жашап келген тургундарды жарык менен камсыз кылдык.
Бул — энергетика тармагындагы реформалардын жыйынтыгы.
Президентибиз Садыр Нуркожоевич Жапаровдун “Ар бир үйдө жарык жансын” -деген тапшырмасынын негизинде аткарылды. Калкты сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу энергетиктердин милдети. Ал эми бүгүнкүдөй жарык менен камсыз кылып, элдин сүйүнүчүнө күбө болуу энергетиктердин ийгилиги. Биз энергетиктер ар бир үйгө жарык жана жылуулук каалайбыз. Жарыгыңыздар өчпөсүн», — деди министр Т.Ибраев.
 
Маалымат катары: Аталган аймак 1939-жылы түптөлүп, 1993- жылы кубаттуулугу 10 кВт/с болгон кичи ГЭС ишке берилген. Бул ГЭСтин кубаттуулугу жетпегендиктен жай мезгилдеринде гана жарык берүү максатында ишке берилип, 2015-жылга чейин электр энергиясы менен камсыз болуп келишкен. 2015-жылы кичи ГЭС иштен чыгып калган. Аталган пункт чоң Сары-Булак аймагынан кичи Сары-Булак (Кырк боз үй) аймагына чейин 36 чакырымын тейлейт.
 
Бул иштердин натыйжасында 16 түтүн (абонент) сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздалып, аймактын жашоо шарты жана өндүрүштүк потенциалы кыйла жакшыртылды.
 
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраев, “Энерготрейд” ЖЧКсынын жетексичи Азамат Жапаров, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын башкы директорунун орун басары И.Сыдыгалиев, Жол чарба боюнча департаментинин Нарын облусу боюнча жетекчиси, райондун акими, Нарын ЭТИнин директору, айыл өкмөтү, жергиликтүү тургундар ж.б катышты.