Бишкекте энергетиктер арасында кичи футбол боюнча тандоо турнири башталды
24 Март 2026 ж.
Бишкек шаарында 2026-жылдын 23–25-март күндөрү энергетика тармагынын кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча тандоо турнири өтөт. Мелдештер Бишкек электр тармактар ишканасынын базасында уюштурулууда.
Турнир «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан «Достук» Стелласынын ачылган күндүн жылдыгына арналган эл аралык мелдешке катыша турган күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлүүдө. Эл аралык турнир 2026-жылдын 7-9 - апрелинде Исфара шаарында (Тажикстан Республикасы) өтөт.
Мелдешке жалпы 10 команда, «КУЭТ» ААКтын борбордук аппаратынын жана филиалдарынын командалары, ошондой эле «Электр станциялары» ААК катышууда.
Үч күнгө созулган турнирдин жыйынтыгында жеңүүчү команда «Достук» эл аралык турниринде Кыргызстандын намысын коргойт.
Турнирдин салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өкүлү Өмүрбек Жеңишбеков, энергетика тармагындагы кесиптик бирлик комитетинин төрагасынын орун басары Шамиль Осмонов, «КУЭТ» ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Шамиль Матаев, ошондой эле «Электр станциялары» ААКтын өкүлү Молдокеев Эмир катышты. Министрдин орун сабары ар бир оюнчу топко ийгилик калап, энергетиктер калкты электр энергеиясы менен гана камсыз кылбастан, ден-соолукту чындап, спорт тармагын шайкеш алып алып кетүү бүгүнкү күндүн талабы экенин билдирди.
Мелдештерди өткөрүү судьялар коллегиясы жана уюштуруу комитети тарабынан камсыздалууда.
Бул турнир командалык духту бекемдөөгө, корпоративдик спортту өнүктүрүүгө жана энергетиктердин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөт.