Колл - борбор: 105, 1209

Быйыл Ак-Талаа райондунда эскирген 30 даана мамыча жаңыланат

22 Май 2024 ж.

"КУЭТ" ААКнун филиалы - Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Ак-Талаа райондук электр тармактар ишканасы 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында бир катар иштерди актарууда.
 
Быйылкы коюлган иш планга ылайык Ак-Талаа районунда төмөнкүдөй иштер аткарылат:
- 30 даана мамычаларды алмаштыруу: Бул эски мамычалар жаңыларына алмаштырылып, 4,05 чакырым аба чубалгысы жана 834 изолятор жаңыланат. Бул иштер тармактын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатат.
 
- Капиталдык оңдоо иштери: Жыл ичинде 36 даана 10/0,4 кВ трансформатор жана жалпы 52,6 чакырым аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өтөт. Учурда 10 трансформатор жана 10 км аба чубалгысы оңдолуп бүткөн.
 
- Учурдагы оңдоо иштери: План боюнча 196 трансформатор жана 430,95 чакырым аба чубалгысы оңдолушу керек. Бүгүнкү күндө 48 трансформатор жана 87,8 км аба чубалгысы оңдоодон өттү.
 
- Кайра куруу жана капиталдык иштери: 10 кВ - 2 км, 0,4 кВ - 6,9 км, ал эми капиталдык курулуш боюнча 0,4 кВ - 2,8 км аба чубалгысы курулат.
 
- Кубаттуулукту жогорулатуу: Жаңы-Талап, Чолок-Кайың жана Терек айылдарында ашыкча жүктөм менен иштеп жаткан трансформаторлор алмаштырылат. Бул айылдарда электр кубатынын жеткиликтүүлүгү жогорулайт.
 
- Бак бутоо жана мамычаларды жылдыруу: 24 чакырым аба чубалгыларында бактарды бутоо иштери аткарылат, ал эми суу жеп кетүү коркунучу бар аймактардагы 8 мамыча башка коопсуз жерге жылдырылат.