«КУЭТ» ААКтын филиалы Нарын электр тармактар ишканасында 2025-жылы капиталдык курулуш аркылуу облустун инфраструктурасын олуттуу жакшыртууга, энергетика тармагын өнүктүрүүгө жана ишкананын кызматкерлерине эмгек шарттарын түзүүгө 8 объектти куруу пландаштырылууда.
1. Нарын РЭТнин административдик имаратынын курулушу – эскилиги жеткен имараттын ордуна жаңы жана Тянь-Шань менен Нарын РЭТнин кошулуусунун натыйжасында имаратты кеңейтуу максатында куруу пландалууда. Объект 3 кабаттуу заманбап кеңсе жайларын камтыйт, жалпы аянты 919,66 м2 түзөт. Куруу иштери апрель айында башталып, 5 ай убакытта бүткөрүү пландалууда.
2. Ат-Башы РЭТнин административдик имаратынын курулушу – Ат-Башы районунда эскилиги жеткен имараттын ордуна 382 м2 аянттуу 2 кабат жаңы кеңсе куруу пландалып, азыркы тапта долбоору бүтүү алдында турат. Бул имаратты куруу кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга жана бөлүмдүн ишинин ылдамдыгын жогорулатууга көмөктөшөт.
3. Жумгал РЭТнин административдик имаратынын курулушу – Кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында заманбап 2 кабаттуу жалпы аянты 382 м2 түзгөн Жумгал районунда курулуучу жаңы административдик имараттын долбоору бүгүнкү күндө каралып, бүтүү алдында турат.
4. Кочкор районунда темир-бетон мамычаларын өндүрүүчү цехтин курулушу – 845 м2 түзгөн жаңы цехтин долбоору даярдалууда, аталган цех курулуп, ишке берилсе жылына болжол менен 3000 данаа темир-бетон мамыларын чыгаруу пландалууда. Бул цех аба чубалгыларын жаңы курууда же алмаштырууда колдонулуучу темир-бетон мамычаларын өндүрүп, энергетика тармагынын материалдык муктаждыктарын канааттандырууга жардам берет.
5. Кочкор РЭТинде ремонттук цехтин курулушу – жаңы ремонттук цех Кочкор, Жумгал, Тогуз-Торо райондорунун электр жабдууларын оңдоо, транспорттоо чыгымдарын азайтуу максатында куруу пландалууда.
6. 35/10 кВ “Талды-Суу” КЧнун куруу – жаңы көмөк чордон Ат-Башы районунун Талды-Суу айылындагы электр энергиясын бөлүштүрүүнү жакшыртып, жергиликтүү тургундар үчүн үзгүлтүксүз энергия менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
7. 110/35/10 кВ “Кур-Терек” КЧнунун куруу иштери – жаңы подстанция жогорку чыңалуудагы тармактын туруктуу иштешин камсыз кылып, жоготууларды азайтып, электр энергиясынын сапатын жана туруктуулугун жакшыртат.
8 Тогуз-Торо РЭТне 674 м2 түзгөн сактоо жайлары жана бокс аянтчаларын куруу кошумча каралууда. Бул объекттердин курулушу жабдууларды жана материалдарды сактоо шарттарын жакшыртат.
Бул долбоорлор Нарын облусунун калкына электр энергиясын туруктуу жана ишенимдүү камсыздоо үчүн багытталган.