Колл - борбор: 105

Электр коопсуздугу — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз

8 Сентябрь 2026 ж.

 
«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасы жарандарды электр энергиясын пайдаланууда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
 
Электр зымдарына жакындабоо, электр мамыларына чыкпоо, үзүлгөн же жерге түшүп калган зымдарга тийбөө — өмүрдү сактап калуучу эң жөнөкөй, бирок маанилүү эрежелер.
Өзгөчө балдарга электр жабдуулары жана электр тармактары менен байланышкан коркунучтарды түшүндүрүп, аларды көзөмөлдөп туруу зарыл.
 
Электр тогу көрүнбөйт, бирок коркунучу абдан чоң. Коопсуздук эрежелерин сактоо — өзүбүздүн, жакындарыбыздын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу.