Колл - борбор: 105, 1209

«Электроэнергетикалык тармакты модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча коомдук угуу болуп өттү

19 Июнь 2025 ж.

2025-жылдын 19-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банк каржылаган «Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Нарын электр тармактар ишканасында коомдук угуу өткөрүлдү.
 
Иш-чарада Энергетика министрлигинин долбоорлор боюнча адиси Астра Жээналиева энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалымат берип, бул долбоордун алкагында бир катар энергетика тармактары жаңыланып жатканын жана калкты сапаттуу, туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо боюнча көрүнүктүү жылыштар бар экенин белгиледи. Ошондой эле, алдыда дагы бул багыттагы иштер улантылары кошумчаланды.
 
Коомдук угуунун жүрүшүндө министрликтин өкүлдөрү тарабынан долбоор боюнча презентация сунушталып, анын алкагында төмөнкү негизги темаларга токтолушту:
• бөлүштүрүүчү тармактарды реконструкциялоо жана модернизациялоо;
• техникалык коопсуздукту камсыздоо;
• социалдык коргоо механизмдерин чыңдоо;
• энергетика тармагын санариптештирүү;
• экологиялык анализ жүргүзүү жана зыян келтирбөө принциптерин сактоо.
 
Бул долбоордун негизги максаты — эскирген электр тармактары менен жабдууларды жаңылоого, электр энергиясынын жоготууларын азайтууга жана калкты туруктуу, жогорку сапаттагы электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.
 
Урматтуу электр энергиясын колдонуучулар!
Эгерде сиздерде «Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун ишке ашырылышы боюнча сунуштар же суроолор жаралса, төмөнкү байланыш каражаттары аркылуу кайрылсаңыздар болот:
 
📧 Электрондук дарек: pmo.kgz@gmail.com
📞 Телефон номери: +996 771 661 223