Колл - борбор: 105, 1209

Энергетика министри Нарын электр тармактар ишканасынын жаңы имаратына мезгил кутучасын салды

12 Апрель 2025 ж.

12-апрель күнү Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев “КУЭТ” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Нарын райондук электр тармактары үчүн жаңы административдик имараттын курулушуна расмий мезгил кутучасын салуу аземине, ишкананын кызматкерлеринин ден-соолугун чыңдоо үчүн салынган спорт залдын жана футбол аянтчасынын ачылышына катышты.
 
Аталган имарат “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсы тарабынан каржыланып, жалпы аянты 919,66 м²ди түзөт. Ал үч кабаттан туруп, заманбап талаптарга жооп берген кеңсе жайларын камтыйт. Бул имарат кызматкерлердин иш шартын жакшыртууга жана калкты сапаттуу тейлөөгө багытталган. Курулуш иштери толугу менен 5 айдын ичинде бүткөрүлүшү пландалууда.
 
Мындан тышкары, Жумгал жана Ат-Башы райондорунда дал ушундай заманбап имараттардын курулушу, ал эми Кочкор районунда темир-бетон мамыларын чыгаруучу жана трансформаторлорду оңдоочу жайдын курулуш иштери башталар алдында турат.
 
Иш-чаранын алкагында министр Таалайбек Ибраев жаңы имараттын маанисин белгилеп, бул кадам энергетика тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана аймактагы инфраструктураны өнүктүрүүгө чоң салым кошорун баса белгиледи.
 
“Урматтуу кесиптештер! Быйыл Нарын электр тармактар ишканасы үчүн жемиштүү жылдардан болот деп айта алам. Себеби азыр жаңы имараттын курулушуна мезгил кутучасын салып жатабыз. Мындан тышкары дагы 3 объектинин курулушу башталганы турат. Былтыр келгенимде кесиптештердин эски имаратта олтурганын көрүп көңүлүм чөктү эле. Кесиптештер менен кеңешип жаңы имарат курууну пландаганбыз. Мына бүгүн ал планыбыз ишке ашып жатат. Бул дагы энергетика тармагындагы ийгиликтин бири. Мындан тышкары жумушчулар үчүн жаңы футбол аянтчасы, машыгуу залы, жуунучу жай курулуп, бүгүн ачылыш аземине күбө болуп жатабыз. Бул жумуштан кийин кызматкерлердин эс алуусуна жана ден-соолугуна кам көрүү болуп саналат. Биздин милдет кызматкерлерге шарт түзүп берүү, ал эми кызматкерлер менен биргеликте калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу болуп саналат. Андыктан кесиптештер салынып жаткан имаратыңар ак жолтой болсун”. - деп билдирди министр өз сөзүндө.
 
Аземге ошондой эле «КУЭТ» ААКнын жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана энергетика тармагынын кызматкерлери катышышты.
 
Мезгил кутучасын салуу аземинен тышкары энергетика министри Т. Ибраев Кочкор районундагы 35/10 кВ “Кум-Дөбө” көмөк чордонуна барып, Шамшы фидеринен 15 чакырымдай 10кВ СИП аба чубалгысы менен куруу иштерин тапшырды, жаңы курула турчу 10 кВ аба чубалгы Кум-Дөбө, Ак-Жар, Шамшы жана Бугучу айылдарын сапаттуу электр жарыгы менен камсыз кылат.
 
Андан соң, Нарын электр тармактар ишканасынын административдик базасында энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында кеңешме өткөрүлдү. Жыйынга ишкананын жетекчилиги, бөлүм башчылары жана жооптуу адистер катышты.
 
Кеңешменин жүрүшүндө Нарын электр тармактар ишканасынын 2024-жылдагы аткарылган иштери, дебитордук карыздарды өндүрүү, АСКУЭ акылдуу эсептегичтерин орнотуу, анын артыкчылыгы жана техникалык жоготуулар боюнча кеңири талкуу жүрдү. Ар тармактагы жетишкендиктер, кемчиликтер, алгылыктуу иштер жана чечүүнү талап кылган маселелер талдоого алынып, кызматкерлердин аракеттерине “жакшы” деген баа берилди.
 
Ошондой эле жыйында 2025-жылдын май айынан тарта пландалып жаткан электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшү тууралуу маселелер каралып, бул багытта жүргүзүлө турган түшүндүрүү иштери боюнча план сунушталды. Министр бул маселеге өзгөчө токтолуп, эл менен ачык-айкын, түшүндүрмө мүнөзүндөгү иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.