Энергетика министри Талаайбек Ибраев Нарын шаарындагы Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

21 Март 2024 ж.

Бүгүн, 21-март күнү Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта Нооруз майрамына карата ыр, күүлөр жаңырып жакшы маанай тартуулаган иш-чара болуп өтүүдө.
 
Аталган иш-чаранын ачылышында Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жергиликтүү тургундарды жаз майрамы менен куттуктап, андан соң куттуктоо сөзүн Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраевге берди.
 
Министр Т.Ибраев Нарын шаарынын тургундарын КРнын Президентинин, Министрлер Кабинетинин жана жалпы Энергетика министрлигинин атынан куттуктап өттү.
 
"Урматтуу кыргыз элим! Нарын облусунун тургундары!
Жадыраган жаздын келиши менен, эл күткөн эзелки Нооруз майрамы да босогону аттап кирип келди, табияттын жанданышын, жердин көгөрүшүн билдирген Нооруз бир гана жаздын эмес, жаңы башталыштардын, жаңылануулардын, жашаруунун жана кайтадан гүлдөп өсүүнүн баяны.
Сиздерди Президентибиз Садыр Нургожоевичтин, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбековичтин жана Энергетика Министрлигинин атынан жаздын жарчысы болгон Нооруз майрамыңыздар менен жана сабырдуулуктун, тынчтыктын, кечиримдүүлүктүн айы болуп келген Орозо айы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Жергебизде тынчктык, токчулук, молчулук болуп, өлкөбүздө өнүүгүү боло берсин"- деди министр Таалайбек Ибраев
 
Иш-чарага Нарын облусунун аппарат жетекчилери, жергиликтүү тургундар жана Нарын электр тармактар ишканасынын жетекчилиги катышты.