Колл - борбор: 105, 1209

Энергетика министри Т.Ибраев Нарын Электр тармактар ишканасынын күз-кыз мезгилине даярдык иштери менен таанышты

1 Сентябрь 2023 ж.

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев "КУЭТ" ААКтын филиалы Нарын электр тармактар ишканасынын Нарын, Тянь-Шань, Ат-Башы РЭТнын жана 110/35/10 кВ "Нарын-1" көмөк чордонунда болуп, азыркы таптагы ишмердүүлүгү, күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышып, бир катар маселелерге токтолду:
 
Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен жолугушууда жаңы имарат куруу, штаттык бирдик маселеси, мнемосхеманы заманбап түрүнө жаңыртуу, атайын техникалардын жеткиликтүүлүгүн боюнча маалымат алып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.
Мындан тышкары Нарын ЭТИнин шаар ичинде орнотулган, бирок балансында жок трансформаторлорду баланска алууну тапшырды.
 
Муну менен катар министр "КУЭТ" ААКтын уюлдук тиркемеси "Мой свет" боюнча маалымат алды. Ишкананын жетекчисинин айтымында Нарын РЭТнин 9646 абоненттин ичинен 7900, пайыздык чен менен алганда 81% керектөөчүлөр катталып, азыркы учурда колдонуп жаткандыгын билдиришти.
 
Кезектеги сапар 110/35/10 кВ "Нарын-1" көмөк чордонунда болуп, анда энергетика министри Таалайбек Ибраев 40 мВА жаңы трансформатордун орнотулуп иштеп жатканын көрүп, жеринен баа берди.
 
Ал эми Тянь-Шань РЭТде энергетиктер менен болгон жолугушууда дебитордук карыздарды өндүрүү, бригадалык автоунаа маселеси көтөрүлүп, министр чечип берүү убадасын берди. Ошондой эле, капиталдык курулуштун негизинде салынып жаткан темирбетондук цехтин куруу иштерин тездетүүнү тапшырды.
 
Соңку иш сапар Ат-Башы РЭТде уланды. Анда 110/35/10 кВ "Ала-Тоо" көмөк чордонун, мекеме, оңдоп-түзөө цехинин жалпы абалы менен таанышып өттү.
 
Быйылкы жылга атайын техникадан манипулятор алып берүү убадасын берип, ал эми кийинки жылга капиталдык курулуштун эсебинен жаңы оңдоп-түзөө цехин жана Баш-Кайыңды айылына 35 кВ көмөк чордонун куруу иштерин пландоо боюнча тапшырма берди.
 
Ошондой эле, күз-кыш мезгилине даярдыкты, алдын ала көмүр даярдоогу тапшырып, ишкананын кампаларын кыдыруу менен авариялык запастын толуктугун текшерип жеринен "жакшы" деген баа берди.