Колл - борбор: 105, 1209

Энергетика министри Т.Ибраев Жумгал жана Тогуз-Торо райондук электр тармактарын текшерди

23 Август 2024 ж.

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраевдин бул жолу күз-кыш мезгилине даярдыкты текшерүү үчүн Нарын облусуна багыт алды.
 
Бүгүн, 2024-жылдын 23-августунда Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Жумгал жана Тогуз-Торо райондук электр тармактар ишканаларынын күз-кыш мезгилине карата даярдыгын текшерди.
 
Алгач Жумгал Райондук электр тармактар ишканасына токтолуп, тийиштүү жетекчилерден күз-кыш мезгилине даярдыгы, жабдуулардын абалы, бүгүнкү күнгө чейинки аткарылган иштер боюнча маалымат алды. Анда министр аталган ишкананын 2011-жылы курулган эски имаратына күбө болуп, тийиштүү жетекчиге 2025-жылы жаңы имарат куруу, диспетчерлер үчүн шарттарды түзүү тапшырмасын койду. Жалпысынан алганда Жумгал РЭТи күз-кыш мезгилине 99%га даяр.
 
Мындан тышкары энергетика министри Тогуз-Торо райондук электр тармагын текшерди. Анда керектүү жабдуулар менен камсыздоо, айлык маяна, атайын бригадалык автоунаа, Кызыл-Октябрь айылын электр энергиясы менен камсыз кылынбагандыгы тууралуу маалымат алып, 35/10 кВ “Казарман” көмөк чордонунун эскилиги жеткен жабдууларын текшерди.
 
Министр кызматкерлердин негизги көйгөйлөрүн уккан соң, жабдууларды сактоочу кампаны жаңылоо, авариялык өчүрүүлөр болгондо, ыкчам калыбына келтирүү үчүн кошумча участок жана штат ачуу тапшырмасын койду. Аны менен катар кошумча жаны техникалар менен кийинки жылы камсыз кылуу маселесин чечип берээрин билдирди.
 
Министр Т.Ибраев “Учурда мен атайын эң алыскы аймактагы Райондук электр тармактар ишканаларын текшерип жатам. Себеби, аларда көйгөй көбүрөөк. Алыскы райондо газ жок. Калк бир гана электр энергиясына муктаж. Ошол үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз беришибиз керек. Ал үчүн энергетиктерге жеткиликтүү шарт түзүлүшү керек. Бүгүн көтөрүлгөн маселеңерди буюрса жакынкы күндөрү толук чечип беребиз” - деди министр Т.Ибраев.
 
Мындан тышкары министр Т.Ибраев КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Тогуз-Торо районундагы түндүк-түштүк альтернативдик жолундагы туннелге барды. Министр ал жерде өткөн көчмө жыйында Сары-Кыр ашуусу аркылуу өтүүчү 110 кВ “Үрүм-Баш-Жетиген” аба чубалгысы кышкысын көйгөй жаратып келээрине токтолду. Анткени бийик тоолуу райондогу аба чубалгысына, мамычага кышкысын муз тоңуп электр жарыгын көп үзгүлтүккө учуратат. Мындан улам министр аба чубалгыларын казылып жаткан туннел аркылуу алып өтүү маселесин көтөрдү. Министрлер Кабинетинин төрагасы бул маселени тездетип чечүүнү жана керектүү каражат менен камсыздоону тийиштүү жетекчилерге тапшырды.