2025-жылдын 6-май күнү, Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Назгүл Усенова Нарын облусуна иш сапары менен барып, аймактагы энергетика тармагындагы иштер жана күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жеринде таанышып чыкты.
Энергетика министринин орун басары Назгүл Усенова бул жолку иш сапардын алкагында “КУЭТ” ААКнын филиалы Нарын электр тармактар ишканасынын бир катар маанилүү объекттерин кыдырды.
Атап айтканда,Нарын райондук электр тармактарынын жаңы имаратынын курулуш иштери, темир-бетон мамыларын чыгаруучу цехтин өндүрүү процесси, ошондой эле Ат-Башы ГЭСи жана Куланак ГЭСнин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.
Мындан тышкары, 2025-2026-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыктардын алкагында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.
Иш сапардын жыйынтыгы катары Нарын электр тармактар ишканасынын административдик базасында мекеменин жетекчилери жана бөлүм башчылары менен жыйын өткөрүлдү.
Жыйында 2025-жыл ичинде 37550 даана АСКУЭ автоматтык эсептөө системасын орнотуу пландалып, бүгүнкү күндө 11 832 даана орнотулгандыгы тууралуу, дебитордук карыздарды өндүрүү планы тууралуу коммерциялык суроолор боюнча директордун орун басары Медербек Курманалиев кеңири маалымат берди. Ал эми 2025-жылдын оңдоп-түзөө иштеринин алгачкы төрт айлык көрсөткүчтөрү тууралуу, күз-кыш мезгилине даярдык иштери пландын негизинде жана өз убагында аткарылып жаткандыгын, өздүк өндүрүштөн чыккан темир-бетон мамылар жер-жерлерде орнотулуп, жоготууларды азайтуу максатында СИП кабелдерди тартуу иштери кызуу жүрүп жаткандыгы тууралуу башкы инженердин орун басары Канатбек Дүйшеев маалымат берди.
Ошондой эле, 3-Элдик курултайда Нарын облусунун энергетика тармагына тиешелүү көтөрүлгөн маселелердин бүгүнкү күндөгү аткарылышы тууралуу маалымат алып, бир катар тапшырмалар берилди.
Жыйын соңунда Назгүл Усенова жамаатка ийгилик каалап, майрам күндөрү да тынымсыз эмгектенип жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.