Колл - борбор: 105

Энергетиктер арасындагы футбол боюнча турнирде жеңүүчү аныкталды

25 Март 2026 ж.

Бишкек шаарында 2026-жылдын 23–25-март күндөрү энергетика тармагынын кызматкерлери арасында өткөрүлгөн футбол турнири жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.
 
Үч күнгө созулган мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, катышкан командалар күчтүү атаандаштыкты көрсөтүштү. Турнирдин жүрүшүндө оюнчулар жогорку даярдыкты жана командалык духту көрсөтө алышты Жыйынтыгында мыкты командалар төмөндөгүдөй аныкталды:
 
🥇 1-орун – Бишкек электр тармактар ишканасы
🥈 2-орун – Ош электр тармактар ишканасы
🥉 3-орун – Нарын электр тармактар ишканасы
 
Мыкты дарбазачы – Акматов Нурлан (Ош электр тармактар ишканасы)
Мыкты коргоочу – Мамуров Нурбек (Ысык-Көл электр тармактар ишканасы)
Мыкты чабуулчу – Жээнбеков Азамат (Нарын электр тармактар ишканасы)
Мыкты оюнчу – Муратбек уулу Нурсултан (Бишкек электр тармактар ишканасы)
 
Аталган турнир профсоюз комитети тарабынан алдыда Тажикстандын Исфара шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катыша турган күчтүү команданы аныктоо максатында уюштурулган.
 
Жыйынтыгында баш байгени уткан Бишкек электр тармактар ишканасы эл аралык аренада Кыргызстандын намысын коргойт.