Колл - борбор: 105

Энергетиктер кезектеги ишембиликте

28 Март 2026 ж.

“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы-Нарын электр тармактар ишканасынын жамааты айлана-чөйрөнү тазалоо максатында кезектеги ишембиликке чыгып, ишкананын айланасын ирээтке келтирди.
 
Мындай ишембиликтер айлана-чөйрөнү таза сактоого, коомдук жоопкерчиликти жогорулатууга жана жамааттын биримдигин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
 
Энергетиктер таза шаар үчүн!
А сизчи?