Энергетиктер — тазалык жана тартип үчүн
25 Апрель 2026 ж.
Бүгүн “КУЭТ” ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын жамааты аймакты көрктөндүрүү жана тазалыкты сактоо максатында уюштурулган кезектеги ишембиликке активдүү катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын алкагында ишке ашырылып жаткан «Жашыл мурас» республикалык демилгесинин негизинде өткөрүлдү. Бул демилге экологиялык абалды жакшыртууга, аймактарды жашылдандырууга жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга багытталган.
Эртең менен эрте ишкананын кызматкерлери биргелешип бекитилген аймактарга чыгып, ыңгайлуу жана экологиялык жактан таза чөйрө түзүүгө өз салымдарын кошушту. Ишембиликтин жүрүшүндө аймактар таштандылардан тазаланып, айлана-тегерек ирээтке келтирилип, ошондой эле жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
Мындай иш-чараларды өткөрүү энергетиктер үчүн жакшы салтка айланды. Электр энергиясын туруктуу жана үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча негизги милдеттеринен тышкары, ишкана жамааты экология жана коомдук жоопкерчилик маселелерине өзгөчө көңүл бурат.
Нарын электр тармактар ишканасы мындан ары да тазалыкты сактоо жана аймактарды көрктөндүрүү багытындагы демилгелерди активдүү колдоп, облустун өнүгүшүнө өз салымын кошо берет.